Индияда өспүрүмдүн ашказанынан 3 кг чач алып чыгышты. Видео

15 жаштагы Шивани өзү теңдүүлөрдөн бир топ арык болгон. Ооруканадан текшерүүдөн өтүп жатканда анын ичинде топтошуп, катып калган чачтар бар экендиги аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Индиянын Уттар-Прадеш штатында жашаган өспүрүм кыздын ичинен дарыгерлер операция жолу менен 3 килограмм чачты алып чыгышты. Бул туурасында Newsflare басылмасы жазды. 

15 жаштагы Шивани өзү теңдүүлөрдөн бир топ арык болгон. Ооруканадан текшерүүдөн өтүп жатканда анын ичинде топтошуп, катып калган чач бар экендиги аныкталган. Дал ошол нерсе кыздын тамак сиңирүүсүнө тоскоолдук жаратып, салмак кошпой келген.

Шивани бала кезинен тарта чачтарын жей бергени белгилүү болгон. Дарыгерлер кызга жаман адаттан арылышы керектигин айтышты.