Бишкектеги феминисттерди милициянын автобустарга салган видеосу

Бишкектеги феминисттер пландаган маршын өткөрө албай калды. Адегенде аларга белгисиз бирөөлөр каршылык көрсөтсө, бир аздан кийин баарын милиция кармап кетти. Биз окуянын кандай болгонун видеого тартып алдык.
Sputnik

Акция саат 12:00гө пландалып, уюштуруучулар "Жеңиш" аянтына келип, даярдыгын баштаган. Бир аздан соң ал жерге келген 30га чукул адамдар маршты таратканга аракеттенген. Ызы-чуудан кийин милиция келип, марштын катышуучуларын күч менен ошол жерге келген автобустарга сала баштаган.

Жээнбеков музейде жылаңачтанган аялдар туурасында айтты
Марштын катышчууларынын дээрлик бардыгы — 100гө чукул адам кармалды. Милиция аларды эмнеге алып кеткендигин түшүндүргөн жок.

Анын себептеринин бири — Бишкекке митинг өткөрүүгө салынган тыюу болушу мүмкүн. Бирок 6-мартта Свердлов райондук милициясы митинг өткөрүү боюнча доо арызын чакыртып алган. Ал эми бүгүнкү марш өткөн "Жеңиш" аянты Свердлов районуна карайт.