Буга чейин утула элек кыргызстандык боксер алгачкы ирет нокаутка түштү. Видео

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу WBA Gold чемпиону наамына ат салышып жатып, жеңилип калды. Интернетке нокаут менен аяктаган таймаштын видеосу жарыяланды.
Sputnik

Мелдеш 7-март күнү Екатеринбург шаарында өттү. Сулайманбек уулу россиялык Марк Урвановго каршы чыккан.

Байкатпай урганда... Бокстагы эң мыкты нокауттун видеосу
59 килограммга чейинкилер арасындагы мелдеш жетинчи раундда аяктады.

Бул кыргызстандыктын профессионалдык карьерасындагы алгачкы утулушу. Буга чейин ал 15 жолу катары менен жеңишти эч кимге бербей келген.

Сулайманбек уулу 2018-жылы Дүйнөлүк боксчулар ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул макамын төрт ирет коргоп калган.