Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барып, жубайын куттуктады

Жазуучунун уулу Элдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барып, жазуучунун жубайы Мария Айтматованы 8-март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен баарлашып, ал Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү.

Ошондой эле өзү вице-президент болгон "Манас" жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.