Мага үйлөнүңүзчү! Путинге Иваново шаарынан өзгөчө сунуш түштү. Видео

Путин менен жолуккан элдин арасында турган бир кыз "мени аялдыкка алыңызчы" деп ачык эле сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Иваново шаарына барганда жергиликтүү кыз ага үйлөнүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Путин балдар ооруканасы менен таанышып чыккандан кийин шаар тургундары менен сүйлөшүп турган. Ошол учурда элдин арасында турган бир кыз "мени аялдыкка алыңызчы" деп ачык эле сунуштаган.

Видеодон президент ал кыз менен саламдашып, "жакшы сунуш, чоң рахмат!" деп жооп берип атын сураганын көрүүгө болот.

Кийинчерээк Путин коомчулук менен жолугушуу иш сапарында ага турмушка чыгууну сураган кыз тууралуу айтып берген.

"Иваново дайым колуктулардын шаары аталып келген, бүгүн мен да тиешелүү сунушту алдым", — деп айткан Путин.

Ошондой  эле ага турмушка чыгууну каалаган кыз эми бүт өлкөгө белгилүү болорун айткан.