Коронавирус жуктурган адамдардын саны 100 миңден ашты. Акыркы маалымат

Коронавирус Кытайдан сырткары Түштүк Корея, Италия жана Иран мамлекеттеринде тездик менен жайылып жатканы байкалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 7-март күнкү маалыматтарга караганда, COVID-19 коронавирусуна кабылгандардын саны 102 180 кишиге жетти. Бул боюнча Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында жазылды.

Ал эми илдеттен сакайып чыккандардын саны — 57 389, көз жумгандар 3 491 болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда массалык иш-чараларды өткөрүү токтотулат
Ошондой эле Кытайдан сырткары дагы үч өлкөдө тездик менен жайылып жатканы байкалууда. Алсак, Түштүк Кореяда коронавирус жуктургандардын саны 6767ге жетип, 44 адам каза болду. Айыгып чыккандар — 135. Иранда 4747 факт катталып, 124ү көз жумган, ошол эле учурда 913 адам сакайды. Ал эми Италияда 4636 кишиге коронавирус жугуп, 137си мерт болду. 523 адам илдеттен арылды.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус COVID-19 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган.