Мэрия соттордон митингдерге тыюу салуу боюнча чечимди жокко чыгарууну суранды

Мэрия өкүлү кокус калаада вирус чыгып же башка себептерден улам абал курчуп кетсе, жоопкерчиликти уюштуруучулар аларын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин мэриясы шаардык соттон митингдерге тыюу салуу боюнча чечимди жокко чыгарууну суранды. Бул тууралуу муниципалитеттин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кабарлады.

Буга чейин Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондору аталган аймактарда 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

Кийинчерээк Свердлов райондук администрациясы дагы райондук сотко ушул маселе менен кайрылган. Бирок кайрылуусун кайра чакыртып алган.

Билдирмеге ылайык, митингдерге тыюу салуу боюнча чечим коронавирустун алдын алуу жана калаадагы кырдаалды жөнгө салуу максатында кабыл алынган.

"Бул өкмөттүн же башка мамлекеттик органдардын чечимине байланыштуу эмес. Аталган маселе коомдо талкуу жараткан. Айрымдары митингдерге тыюу салыш керек десе, башкалары КР Конституциясынын нормаларына таянып туруп алган. Бүгүнкү күндө мэрия бул маселени укуктук талаада жана Конституциянын талаптары боюнча караш үчүн шаардык соттон райондук соттордун чечимдерин жокко чыгарууну суранганы жатат", — деди Түлөбаев.

ИИМ: митинг учурунда ЖК аппаратынын кызматкерине кол салган аял кармалды
Ал ошондой эле эгер уюштуруучулар митинг же жыйналыш өткөрө турган болсо, аларга эч ким каршылык көрсөтпөй турганын кошумчалады.

"Бирок бир нерсени баса белгилеп кетели. Кокус калаада вирус чыгып же башка себептерден улам абал чыңалып кетсе, жоопкерчиликти уюштуруучулар алышат. Ал эми мэрия сөзсүз түрдө сотко кайрылуу укугун колдонот", — деди аппарат башчы.

Буга чейин Ленин райондук соту митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу чечими Нооруз (21-март) жана Улуу Жеңиш күнүнө (9-май) тиешеси жок экенин маалымдаган болчу.