Радио

Калчабаева: азыркы китептердин көбү адабиятты эмес, макулатура алгандарды байытат

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева учурда китептердин саны арбып, сапаты начарлап жатканын айтты.
Sputnik
Калчабаева: азыркы китептердин көбү адабиятты эмес, макулатура алгандарды байытат

Учурда жазуучуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан улам акчасы барлар китебин чыгарып жатат. Натыйжада коомчулукка сапатсыз чыгармалар сунушталууда. Бул тууралуу Бурул Калчабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Атанын атын бир эле баласы чыгарган сыяктуу, жазуучуну 3-4 эле чыгармасы таанытат. Учурда жазуучулар дүйнөлүк деңгээл тургай, өлкө ичинде тааныла албай жүрүшөт. Китебиң чыгып жатабы, драмаң коюлуп жатабы, эч кимдин иши жок. Мурда китептер редактор, корректор, сынчылардын колунан өтүп, анан чыкчу. Натыйжада китеп сапаттуу болчу. Азыр акчасы барлар эптеп-септеп жазылган китебин чыгарат. Анын автору, редактору, корректору, сынчысы дагы өзү болуп алат. Ичин ачсаң үй-бүлөлүк сүрөттөрү жүрөт. Аны адабият деп айтууга ооз барбайт. Драматургия жаатында деле ушул сыяктуу абал. Азыркы замандын китептеринин көпчүлүгү адабиятты эмес, макулатура алгандарды байыткан деңгээлде басылып жатат", — деди Калчабаева.

Драматург учурда тартылып жаткан кино, ырдалып жаткан ырлардын да мааниси начар сапатта экендигин кошумчалады.