Жолтандабас кагып, маршрутканын ичиндеги кишилер ыргып кеткен видео

Кадрдан жолтандабас жогорку ылдамдыкта келип, эл түшкөн маршрутканы жолдун кесилишинен сүзгөнүн көрүүгө болот. Катуу кагылган бус тротуарга күү менен кирип барып токтогон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында жолтандабас менен маршрутканын кагышканы видеого түшүп калган.

Байкоо камерасына түшүп калган учурду Oppa Instagram-аккаунту жарыялады. Кадрдан жолтандабас жогорку ылдамдыкта келип, эл түшкөн маршрутканы жолдун кесилишинен сүзгөнүн көрүүгө болот. Катуу кагылган бус тротуарга күү менен кирип барып токтогон.

Жол кырсыгы кечээ, 5-мартта, 16:20лар чамасында болгон. Mersedes-Benz үлгүсүндөгү эл ташыган №214 микроавтобусту оң капталынан келе жаткан Volvo жолтандабасы сүзгөн.

Кайгуул милициясынан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркагандыгын билдирген.

Видеодон кагылган маршруткадан кишилердин ыргып кеткендигин көрүүгө болот.