Радио

Калдыбаева: кырктын кырынан ашса деле жаш баладай ой жүгүрткөндөр бар

Психолог Сейил Калдыбаева үй-бүлө курууну пландап, жаштар үлпөт тойго эмес, андан кийинки турмушка даярдануусу керектигин айтты.
Sputnik
Калдыбаева: кырктын кырынан ашса деле жаш баладай ой жүгүрткөндөр бар

Өз жашынан кыйла зирек 20 жаштагы балдар кездешет. Ошол эле учурда кырктын кырынан ашса деле жаш баладай ой жүгүрткөндөр жок эмес. Ошондуктан үй-бүлө курууда адамдын биологиялык жашына карабаш керек. Мындай пикирин Сейил Калдыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Психолог" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 18-19 жашта үйлөнүү эрте болуп эсептелет.

"Кайсы куракта үйлөнсө туура болот деген суроо менен көп кайрылышат. Чынында адамдын биологиялык жаш курагына маани берүү ката болуп калат. Себеби мүнөзү жаш баладай же "инфант" деп коет, чоңойбой калган адамдар болот. Тескерисинче, жапжаш туруп, өз курагынан кыйла зирек ой жүгүрткөн балдар, кыздар бар. Буларды кыргызда кичинекей кемпир, кичинекей абышка деп коюшат эмеспи. Башкача айтканда, психологиялык, моралдык, социалдык, экономикалык жактан даяр болсо, жашына карбай турмуш кура берсе болот. Албетте, өтө жаш болбошу шарт. Мисалга, 18-19 жаш өтө эле эртелик кылат. Эң негизгиси үлпөт тойго эмес, андан кийинки турмушка даярданышы зарыл", — деди Калдыбаева.

Психолог учурда жаштар дүркүрөтүп той берүүнү пландап, турмушта кездеше турган кыйынчылыктарга моралдык, психологиялык жактан даяр болбой баш кошуп жатышкандыктан ажырашуулар көп болуп жатканын кошумчалады.