Былтыр Кыргызстанга инвестиция кайдан келип, кайсы тармакка жумшалды

Инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоо, өндүрүш ишканалары, курулуш, электр энергия, газ, байланыш чөйрөсүнө, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга багытталган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, былтыр тикелей жасалган чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 876,2 миллион долларды түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2,9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Топ-5. ЕАЭБде суроо-талап жогору болгон кыргыз товарлары
Чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоо, өндүрүш ишканалары, курулуш, электр энергия, газ, байланыш чөйрөсүнө, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга багытталган.

Келип түшкөн инвестициялардын эң көбү Кытайдан (жалпы инвестициянын 34,3 пайызы), андан кийинки орундарда Канада (13,2 пайызы), Швейцария (11,8 эсеге), Түркия (8,6 пайызы), Улуу Британия (8,3 пайызы) жана Нидерланддар (7,2 пайызы) турат.

Каражат Бишкек шаарынын ишканаларына (40 пайызы), Жалал-Абад облусуна (26 пайызы), Чүй (20 пайызы) жана Ысык-Көл облустарына (13 пайызы) бөлүнгөн.