Радио

Стамов: "Хан Тейиш" тарыхый романын атам беш жыл тыным албай жазды

Кыргыз эл жазуучу, мамлекттик ишмер Асанбек Стамовдун уулу Эсентур Стамов атасынын "Хан Тейиш" тарыхый романы илимий эмгекке тете чыгарма экенин айтты.
Sputnik
Стамов: "Хан Тейиш" тарыхый романын атам беш жыл тыным албай жазды

Атам "Хан Тейиш" романын жаратуу үчүн Москвага чейин барып 20 жыл материал топтоп, кийин дагы беш жыл тыным албай китеп жазды. Бул тууралуу Эсентур Стамов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган романда кыргыз журтчулугу басып өткөн маанилүү доорлордон тарта жуңгар-ойроттордун өкүмү сүрүп турган мезгилдердеги ата-бабалардын тарых-таржымалына чейинки маалыматтар камтылган.

"Атамдын мээнеткечтигин көрүп таң калар элем. Анткени ал күндүз кечке жумушта болуп, кечинде үйгө келери менен китеп жазууга отурчу. Күндүр-түндүр чыгармачылык менен алек болуп жүрдү. Өз ишине ушундай чоң жоопкерчилик менен мамиле кылгандыктан анын акыбети кайтып, үзүрүн көрдү десем болот. Мисалы, "Хан Тейиш" тарыхый романын жаратуу үчүн туура 25 жыл коротту. Аталган убакыттын 20 жылында маалымат чогултуп Москвага чейин барса, калган беш жылын көлөмдүү чыгарманы жазуу менен алек болду. Мен атамдын бул эмгегин илимий иш менен салыштырам. Анткени аталган романда кыргыз элинин тарыхы камтылып, жуңгар-ойроттордун өкүмү сүрүп турган мезгилдеги ата-бабаларыбыз жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар. Роман чынында эле аябай мыкты жазылган. Муну бир топ абройлуу кишилер айтып жатышты. Бүгүнкү күндө да "Хан Тейишке" кызыккандар арбын. Азыр аны орус тилине которуу демилгесин да көтөрүп жатабыз", — деди Стамов.

Ал ошондой эле автордук укуктар бузулуп, "Хан Тейиш" романын суроо-сопкуту жок эле басып чыгаргандар көп болуп жатканын кошумчалады.