Аялын бычактап, уулун жарадар кылган. Бишкектеги үй-бүлөнүн трагедиясы

Каргашалуу окуя Бишкектеги 5-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте киши аялын бычактап өлтүрүп, баласын жарадар кылгандан кийин өз жанын кыйган. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБден билдиришти.

Жума күнү түшкө жуук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо жашаган үй-бүлөдө жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн.

Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип барып бычакталган аялды, ваннадан кишинин сөөгүн табышкан. Анын денесинде суициддин белгиси болгон. Жубайлардын 10 жаштагы уулу шаардык үчүнчү ооруканага жеткирилди. Толук маалымат кийинчерээк берилет.