Жашылдандыралы! Бишкектеги көчөт саткан жайлар жана өсүмдүктөрдүн баасы

Жаз келип, табият ойгонуп жаткан маал. Адистердин пикиринде, так ушул мезгил дарак, мөмөлүү бактарды отургузууга ыңгайлуу учур. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын баасына, көчөттөр сатылып жаткан жайларга кызыгып көрдү.
Sputnik

Күндүн жылышы менен борбор калаада көчөт саткан жайлар өз ишмердүүлүгүн баштады. Сатуучулар тургундарга жергиликтүү жана чет элдик көчөттөрдү сунуштоодо, алардын баасы сортуна, бийиктигине жараша 50 сомдон 15 миң сомго чейин жетет.

Атайын ачылган чакан базарлардан гүлдөн тарта үйдүн айланасын жашылдандыруучу балаты, терек, түрдүү бактарды жана түшүм берген мөмөлүү өсүмдүктөрдү табууга болот. 

Жашылдандыралы! Бишкектеги көчөт саткан жайлар жана өсүмдүктөрдүн баасы

Ал эми көчөттөрдү көп санда тигүүнү каалагандар питомниктерден ортомчусуз сатып алганы жакшы. Себеби аны менен бир топ акча үнөмдөп калууга болот. Андан сырткары, өсүмдүктөрдүн тиешелүү документтерин талап кылуу зарыл.

Бишкекте көчөттөр кайсы жерде сатылууда?

  1. 7-апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилиши
  2. Айланма жол менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилиши
  3. Асаналиев көчөсү, 3/3
БишкекЯндекс.Карты — поиск мест и адресов, городской транспорт

Көчөт отургузуунун жол-жобосу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.