БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин четиндеги айланма жолдо унаалар кырсыктаганын "Короче" Telegram-каналы жарыялады.
Кабарды ЖКККББнын маалымат кызматы да тастыктады. Ага ылайык, 5-март күнү кечинде Toyota Estima үлгүсүндөгү минивэн менен жүк ташыган Mercedes Sprinter кичи автобусу кагышкан.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, айдоочулар жабыркаган, каза болгондор жок.