Елизавета II коронавирустан коркуп сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат

Ушул тапта Улуу Британияда коронавируска кабылгандардын саны 51ге жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандар дагы, сакайып кеткендер дагы жок.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II учурда сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат. Бул тууралуу "RT на русском" маалымдады.

Батыш ЖМКларынын жазганына караганда, буга коронавирус коркунучу себеп болууда. Анткени COVID-19 вирусу өмүрүн алгандардын басымдуу бөлүгү жашы өтүп калган адамдар.

Ушул тапта Улуу Британияда коронавируска кабылгандардын саны 51ге жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандар дагы, сакайып кеткендер дагы жок.