Украинага жаңы өкмөт башчы дайындалды

Буга чейин анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский көрсөткөн. Өкмөт башына келиш үчүн Шмыгаль бери дегенде 226 добуш алышы керек болчу, бирок аны 291 парламентарий колдоду.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Украинанын парламенти кезексиз жыйынында өкмөт башчылыкка Денис Шмыгалды дайындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Экономика министринин орун басары алмашты. Жаңы кызматкер тууралуу эмне белгилүү
Буга чейин анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский көрсөткөн. Өкмөт башына келиш үчүн ал бери дегенде 226 добуш алышы керек болчу, бирок аны 291 парламентарий колдоду.

Денис Шмыгаль 45 жашта. Кесиби боюнча экономист. 2019-жылдын августунан 2020-жылдын февраль айына чейин Ивано-Франковск облустук администрациясын жетектеген. 4-февралдан бери вице-премьерлик кызматты аркалап келе жаткан.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Алексей Гончарук өз каалоосу менен отставкага кеткен.