Перуда 100 жаштагы БУУнун мурдагы башкы катчысы көз жумду

Перес де Куэльяр БУУнун бешинчи башкы катчысы болгон. 1940-жылдан тарта дипломатиялык кызматты аркалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. БУУнун мурдагы башкы катчысы жана Перунун премьер-министри Перес де Куэльяр шаршемби күнү 100 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Перу Радиосу анын уулу Франсиско Перес де Куэльярга шилтеме берип кабарлады.

БУУ Кыргызстанда жарадар болгон илбирске жардам бермей болду
"Бир нече оор жумадан кийин атабыз көз жумду", — деди саясатчынын уулу.

Куэльярдын сөөгү 7-март күнү Лимадагы Presbítero Maestro көрүстөнүнө коюлат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкөнүн учурдагы президенти Мартин Вискарранын катышуусу күтүлүп жатат.

Перес де Куэльяр 1920-жылдын 19-январында жарык дүйнөгө келген. Лимадагы Католик университетинен юридикалык билим алган. 1940-жылдан тарта дипломатиялык кызматты аркалаган. 1982-жылы (Латын Америкадан биринчилерден болуп) БУУнун бешинчи башкы катчысы болуп дайындалган.