Кремлде Путин менен Эрдоган сүйлөшүп жатат

Эрдоган негизги милдет Москва менен Анкаранын "жетер жерине жетип калган" мамилесин өнүктүрүү экендигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жолугушуу тет-а-тет өтүп жатат. Россия лидери түркиялык аскерлердин Сирияда курман болгондугуна көңүл айтып, Идлиб маселеси жеке сүйлөшүүлөрдү талап кыларын билдирди.

"Сиз сурагандай сүйлөшүүнү көзмө-көз жүргүзүүгө даярбыз. Андан соң зарылдыкка жараша биздин оң, сол жагыбызда, залда отурган кесиптештерибизди кошобуз", — деди Путин.

Эрдоган негизги милдет Москва менен Анкаранын "жетер жерине жетип калган" мамилесин өнүктүрүү экендигин айтты.

РФ: Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти
"Бүгүнкү жолугушуубуз Идлиб сүйлөшүүлөрүнө байланышкан жана зор мааниге ээ. Чындыгында эле азыр Идлибде абал чыңалып турат. Бүтүн дүйнө азыр бул жакты (Москваны - ред.) карап турат. Бүгүн ташталган кадамыбыз менен чечимдерибиз абалды жеңилдетет деп ойлойм", — деп кошумчалады Түркия лидери.

Түркия делегациясынын курамына ТИМдин, Коргоо, Финансы министрликтеринин башчылары жана улуттук чалгын уюмдарынын жетекчилери кирди.

Буга чейин Анкара менен Москва эксперттердин деңгээлинде эки тараптуу үч жолку сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок анын жыйынтыгы менен бир пикирге, кепке келген эмес.

Идлибдеги кырдаалдын курчушу

"Хайят Тахрир аш-Шам" уюмунун террорчулары 27-февраль күнү Сирия армиясына чабуул баштаган. Өкмөттүк күчтөр жооп кайтарган болчу. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аткылоого ал жерде жүрбөшү керек болгон түркиялык аскерлер да тушуккан.

Натыйжада Түркиянын 36 аскери каза тапканы айтылган. Россия тарап Сирия армиясынын аткылоосун токтотуп, көз жумгандардын сөөгү менен жарадар болгондорду Түркия аймагына эвакуациялоого шарт түзүп берген. Коргоо министрлиги аталган аймакта россиялык авиация колдонулбаганын белгиледи.

Түркия Идлибде Сирия аскерлерине урган соккусунун видеосун жарыялады
Анкара буга жооп кылып Сириянын түндүк-батышында "Жазгы калкан" деп аталган жаңы аскердик операциянын башталганын жар салган.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Анкара Идлиб боюнча бир катар милдеттемелерин аткарбай койгонун айткан болчу. Мында Түркия оппозициянын өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр бөлүгүн террорчулардан бөлбөй койгону айтылды.

2018-жылдын 18-сентябрында Россия менен Түркиянын ортосундагы макулдашуу эки президенттин жолугушуусунан кийин түзүлгөн. Анда Идлиб аймагындагы бардык террордук радикалдык топторду 2018-жылдын 15-октябрына чейин чыгаруу милдетин алып, Түркия аскерлерине артыкчылыктуу укуктар берилмек.

Мындан тышкары, документте аталган аймактын чек арасында "согуштук аракеттерди токтотууну камсыздоо үчүн натыйжалуу чаралар" көрүлөрү белгиленген. Ал эми меморандумдун жетинчи пунктунда бул райондо Россия менен Түркиянын биргеликте көзөмөл жүргүзүүсү каралган болчу.