Казакстандагы алгачкы UFC турнири. Башкы беттешке кимдер чыгары айтылды

Өткөн жумада UFC уюму биринчи жолу Казакстанда турнир өткөрө турганы белгилүү болду. Спорттук иш-чара 13-июнда Нур-Султандагы "Астана-Аренасында" тартууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Казакстандагы өтө турган алгачкы UFC турниринин башкы беттешинде россиялык Петр Ян менен бразилиялык Марлон Мораес беттешерин MMA Junkie басылмасы жазды.

Порталдын маалыматы боюнча, расмий келишимге кол коюла элек, бирок мушкерлер мелдешүүгө макулдугун беришкен.

Кыл чайнашып… Нурмагомедов менен Фергюсондун маалымат жыйыны качан болору айтылды
UFC уюмунун Казакстанда турнир өткөрө турганы өткөн жумада белгилүү болгон. Спорттук иш-чара 13-июнда Нур-Султандагы "Астана-Аренасында" өтөт.

27 жаштагы россиялык мушкер уюмдагы алты жеңишти катары менен камсыздаган. Жалпысынан 14 беттешти утуп, бир ирет жеңилген.

Ал эми бразилиялык атаандашы 23 кармашта жеңүүчү болуп, алты ирет утулган жана бир жолу тең чыккан.

Россиялык спортчу соңку кармашында америкалык Юрайя Фейберди утуп алса, Мораес мекендеши Жозе Алдуну жер караткан.