Бишкекте эл түшкөн маршрутка менен жолтандабас кагышып, төрт киши жабыркады

Кырсык бүгүн саат 16:20лар чамасында болгон. Mersedes-Benz үлгүсүндөгү эл ташыган №214 микроавтобус менен Volvo жолтандабасы кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Бөкөнбаев — Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жолтандабас кагышып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Ал эми видео "Короче" телеграм-каналына жарыяланды.

Кадрдан Тез жардам кызматы келип, жүргүнчүлөрдү карап жаткандыгын көрүүгө болот. Жабырлануучулардын бири жолтандабастын жанында отурат. Сүрөткө караганда ал башынан жаракат алган сымал.

"Кырсык бүгүн саат 16:20лар чамасында болгон. Аталган көчөлөрдө Mersedes-Benz үлгүсүндөгү эл ташыган №214 микроавтобус менен Volvo жолтандабасы кагышкан", — деп билдирди маалымат катчы.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматынын адистери иштеп жатат.