Келбети үрөй учурган дагы бир наристе Россиядан операция жасатууга камынууда

Былтыр интернет колдонуучулар "Бэтмендин маскасын кийген кыз" деп атап жүргөн Луна Феннер аттуу АКШлык бөбөк бетиндеги калынын бир бөлүгүн Краснодардан алдырган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Америкалык дагы бир кичинекей кыз невус (кал сымал беттеги чоң кара так) тубаса дартынан арылуу үчүн Россиянын Краснодар шаарына учуп келерин РИА Новости жазды.

Былтыр интернет колдонуучулар "Бэтмендин маскасын кийген кыз" деп атап жүргөн Луна Феннер аттуу АКШлык бөбөк бетиндеги калынын бир бөлүгүн Краснодардан алдырган болчу. Дарыгерлер бир жашар кыз толук айыгуусу үчүн бир нече ирет дарылоодон өтүшү керектигин айтышкан.

"Бизге эртең АКШдан экинчи бейтап учуп келет. Техастык кыздын аты Деми, ал 11 айлык экен. Анын көйгөйү дагы Лунаныкына окшош. Бирок бетиндеги тагы биринчи кызга салыштырмалуу азыраак", — деген клиниканын аткаруучу директору Андрей Алексуткин.

Ал кошумчалагандай, Деми АКШга Япониядан келген. Алексуткиндин айтымында, Луна Феннерди дарылагандан кийин чет мамлекеттен кайрылган бейтаптардын саны өскөн.