БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ош шаарында КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа 1-класстын окуучусун сүзүп кетип, бала эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, окуя 4-март күнү болжол менен түшкү саат 13:00дөр чамасында шаардагы Исхак Раззаков менен Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"1-класстын окуучусу жол чырак кызыл болуп күйгөндөн кийин өткөн. Дал ушул учурда аны жүк ташуучу автоунаа коюп кеткен", — дешти Ош шаардык ЖКККБ өкүлдөрү.
Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок окуучу кырсык болгон жерден эле үзүлгөн. Учурда тиешелүү кызматтар окуянын келип чыгуу себебин иликтеп жатышат.
"Айрыкча башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелерине кайрылат элем. Балдарыңыздардын кайсы жол аркылуу мектепке барарына көңүл буруп, жолдо сак болуусун эскертип туруңуздар", — деди Сыдыков.
Бүгүн өлкөдө бир эмес, үч жол кырсыгы катталды. Анын биринде Бишкек шаарында автоунаа кемпирди сүзүп, аял ошол жерден каза болуп калган.