Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги топонимист, географ Темиркул Эшенгулов менен баарлашып, Кыргызстандын аймагындагы айтылуу ашуулардын аталыш тарыхына, этимологиясына кызыгып көрдү.
Ашуу — бул тоо боорундагы ашып өтүүгө ылайыкташкан жол. Кыргыздарда аны мойнок, бел, арт, даван деп да атап келген. Бүгүнкү күндө "арт", "даван" деген сөздөр архаизмге айланып калды.
Бирок бул аталыштар да маанисине карата бири-биринен айырмаланып турат. Ашуу болгон жерде кыйынчылык, татаалдык болот. Ал эми "даван" деп аталган жерлерде анчалык оорчулук келбейт. Даван менен бел географиялык абалы боюнча окшошуп кетет.
Ал эми мойнокту адамдын бир мүчөсү моюнга байланыштырышат. Себеби республиканын аймагындагы Ак-Моюн, Көк-Мойнок деген жерлерде адамдын мойнуна окшогон, өтүп кетүүгө жеңил өтмөк жерлери бар.
Ашуудагы жолго байланышкан "оюлма" деген да сөз бар. Бул да илгери колдонулуп келген. Азыр андай жерлер "серпантин" деп аталып калды.
Айта кетчү жагдай, Кыргызстандын Лейлек, Араван, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа райондорунда ашуулар жокко эсе.
Кызарт
Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан. Сандык жана Кызарт тоолорунун ортосунан орун алган. Бийиктиги 2664 метрди түзөт.
"Күн чайыттай ачык. Байдын 40 кызы айт күнү шуру-шакегин тагынып, жука үлбүрөгөн кооз көйнөктөрүн кийип, жасана айттап чыгышат. Жолдон үстүндө күпчүйгөн тонунан башка кийими жок кедейдин кызын анын суранычы менен кошуп алышат. Айттап жүрүп, капысынан эле аба ырайы бузулуп, бороон-чапкын болуп, жука көйнөк кийген байдын кыздары тоңуп калышат. Ал эми тон кийген кедейдин кызы аман калган. Ошондон улам дайым аркырап жел жүрүп туруучу бел Кызарт аталып калган". Бул - уламыш.
Топономик Эшенгуловдун айтымында, ашуунун аталышы "кыз" жана "арт" деген эки сөздөн турат. Экинчи компонент "арт" — байыркы кыргыз тилинин термини. Ал ашуу дегенди билдирет.
Кубакы
Орто-Токой, Байдамтал өрөөндөрүнүн чек арасында, Кочкор жана Тоң аймагында жайгашкан. Бийиктиги 2350 метр.
Кыргызда кубарып деген сөз бар. Бул аталыштын географиялык тарыхы да ошол мааниде кетет. Себеби ошол ашуунун жер кыртышы кубарып, агарып турат. Кубакынын белине барып айланага көз чаптырса, кубакы тарта агарып турган топурак, мейкиндик даана байкалат.
Долон
Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу тоолуу аймакта жайгашкан ашуу. Ал Бишкек — Торугарт багытында автоунаа өтчү негизги кан жолдо. Деңиз деңгээлинен 3030 метр бийик.
Долон ашуусуна эски жол менен оюлмалап (серпантин) чыкса, азыр тоонун капталы менен кыйгачтап өтүп кетет. Бул ашуунун географиялык аталышынын үч этимологиясы бар.
Экинчи версиясында ашуунун аталышын монгол тили менен байланыштырышат. Ошол учурда монголдордун батышты карай жапырыгы, жүрүшү болгон. Бир топ жер-суунун аталышында монгол тили басымдуулук кылып кеткен. Топономик Дөөлөтша Исаевдин китебинде, "долон" монгол тилинде "жети" деген маанини билдирери жазылган. Так санын санап өткөн киши жок, бирок бир кезде Долондо жети серпантин болсо керек деген божомол бар.
Дагы бир этимологиясы иран тилине барып такалат. Бул тилде "долон" ашуунун маанисинде пайдаланылат.
Төө-Ашуу
Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү ашуу. Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө. Деңиз деңгээлинен 3586 метр бийиктикте.
Кээ бир жер-суу аталыштары ошол жерди байырлаган жаныбарларга, өсүмдүктөргө байланышып коюлуп келген. Илимде жаныбарларга байланышкан аттар зоотопоним, ал эми өсүмдүктөргө байланышса фитотопоним деп аталат. Демек, "Төө ашуу" — зоотопонимикалык аталыш. Бирок бул ашуудан көп сандаган төө өтүп турган же багылган деп айтуу калпыс пикир.
Болгону салыштыруу иретинде аталган. Биздин аймактагы эң чоң жаныбар катары төө саналган. Ушундан улам ашуунун бийиктигин төөнүн бийиктиги менен салыштырылып Төө-Ашуу деп атап коюшкан.
Улар-Ашуу
Төө-Ашуудагы азыркы тоннель жайгашкан жери Улар-Ашуу деп аталган. Азыр эле бул аты унутулуп, жалпылап Төө-Ашуу деп аталып калды. Төө-Ашуу — тоннелдин күн чыгыш тарабында. Улар өтө бийикте учкан канаттуу. Ал жай келгенден баштап өрөөндүн төрүндө болот. Өзү салкынды жакшы көргөн канаттуу. Кыш келгенде гана ылдыйлайт. Жердин бийиктигинен улам Улар-Ашуу аталып калган. 3722 метр бийиктикте жайгашкан.
Өтмөк
Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндө. Түштүк жана Түндүк Өтмөк өрөөндөрүнүн жабык төрлөрүнүн ортосундагы байыркы түздүктүн калдыктарынын үстүндөгү бел. Бийиктиги 3330 метрди түзөт.
"Өтмөк" деген этиш сөз. Өтүп кет деген мааниде. Ушул ашуунун жолу менен кыйналбай, кысталбай өтүп кет деген мааниде калган. Орусча айтканда "горный проход" дегенди эле билдирет.
Ала-Бел ашуусу
Бул ашуу бийик, анан жайы-кышы кар жатат. "Ала" деген сөздүн өзү да бийик кар жаткан жерди туюндурат. Ала-Бел ашуусу Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде жайгашкан. Анын бийиктиги 3642 метрди түзөт.
Чыйырчык ашуусу
Чыйырчык ашуусу Ош шаарынан түштүктү карай 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталышы канаттуунун атынан коюлган. Келгин куштар да учак өңдүү учууга жол издейт. Өтө бийик аска-тоолорду ашып өтө алышпайт. Бул аймактан ушул ашуу аркылуу ашып өтүшкөндүктөн Чыйырчык аталып калган. Себеби бул ашуу анча бийик эмес. Болгону 2400 метр бийиктикте.
Кара-Көө ашуусу
Калмак-Ашуу
Кыргызстандын аймагында Калмак-Ашуу деп аталган жер-суунун аттары абдан көп. Чоң Кеминде Калмак-Ашуу деген айыл жана суу бар. Ал эми Соң-Көлгө Төлөк айылы аркылуу бараткан жолдо, башкача айтканда, түндүк тарабында да Калмак-Ашуу деп аталган ашуу бар. "Калмак" деп аталышынын себеби этноско байланыштуу. Тарыхка көз чаптырсак, XVII кылымда ушул аймактарда калмактар үстөмдүк кылып, дал ушундан улам бел Калмак-Ашуу деп аталып калганы айтылат. Анын бийиктиги 3447 метрди түзөт.
Молдонун бели
Бул ашуу Молдонун бели же кээ бир жерлерде Молдо-Ашуу деп аталып жүрөт. Ашуу Нарын облусунда жайгашкан. Анын бийиктиги 3243 метрди түзөт. Молдонун бели аркылуу Соң-Көлдүн Ак-Талаа тарабына өтүп кетүүгө болот. Нарын районунун батыш тарабындагы Коммунисчил айылынын түндүк жагындагы капчыгайда абдан кыйын молдо жашаган деп айтылат. Илгери молдо деп өтө билимдүү-илимдүү адамдар айтылган. Ал киши балдарды окуткан, өз заманынын кыйын молдосу болгон дешет. Анын жайкысын белди ашып, Соң-Көлгө малын жайып, ошол жерлерди жерлегендиги айтылат. Ушундан улам “молдо ашкан бел” деп айтылып жүрүп, Молдонун бели аталып калган.