Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан канча ардагер барат. Элчинин жообу

Салтанаттуу иш-чараларга Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков башында турган делегация барары күтүлүүдө. План боюнча алар кыргызстандык аскерлерге эстелик орнотулган Ржев шаарына дагы барышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москва шаарында өтчү салтанатка канча кыргызстандык ардагер барарын Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтып, ардагерлерди коштоп жакындары барарын кошумчалады.

"Жаш курагы жана саламаттыгын эске алуу менен азырынча үч ардагер барат деп пландап жатабыз. Аларды жакындары коштоп жүрөт. Ардагерлер негизги иш-чарадан тышкары жолугушуу, конференция жана форумдарга катышат", — деди элчи.

Исаков: Берлинге киргенде "алсыздарды атпагыла" деген буйрук жаңырып турган
Удовиченко кошумчалагандай, ушул тапта кыргыз тарап менен биргеликте даярдануу иштери жүрүп, тизме түзүлүп жатат.

"Салтанаттуу иш-чараларга Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков башында турган делегация барары күтүлүүдө. План боюнча алар Ржев шаарына дагы барышат. Ал жакта советтик жоокерлерге мемориал ачылып, кыргызстандык аскерлерге дагы эстелик орнотулат", — деди Удовиченко.

Мындан тышкары, элчи Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылынын алкагында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтөрүн белгиледи.