Германия Россияга советтик туткундар тууралуу маалыматтарды берет

Германиянын элчиси белгилегендей, маалыматтардын жардамы менен туткунда каза тапкан адамдардын тагдырын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошондой эле тараптардын элдешүүсүнө салымын кошот.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Германия апрель айында Россияга немец лагеринде кармалган советтик туткундар тууралуу маалыматтарды берүүнү пландап жатат. Бул туурасында Германиянын РФтеги элчиси Геза Андреас фон Гайр билдиргенин РИА Новости жазды. 

Улуу Ата Мекендик согушка арналган кинокербен ишин баштайт
Анын айтымында, 2019-жылы эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери туткунда каза тапкан жүз миңдеген советтик аскерлер тууралуу маалыматтарды алып, аларды колдонуу боюнча макулдашышкан. Тийиштүү келишимге күзүндө Берлинде кол коюлган.

Германиянын элчиси белгилегендей, маалыматтардын жардамы менен туткунда каза тапкан адамдардын тагдырын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошондой эле тараптардын элдешүүсүнө салымын кошот.