Бишкекте Land Cruiser жеңил авто менен сүзүшүп, аласалып кетти. Сүрөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсыктын чоо-жайын тактап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте Honda Accord автоунаасы менен сүзүшкөн Land Cruiser аласалып кетти.

Жол кырсыгы 4-март күнү Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы барган. Бирок кырсык учурунда автоунааларда болгон жарандар медициналык жардамдан баш тартышты.

Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.