Эртең менен Бишкекте кемпирди автоунаа коюп кетип көз жумду. Видео

Автокырсык болжол менен эртең мененки саат 07:30дар чамасында болуп, кемпирдин ошол жерден жан бергендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде көчөдөн өтүп бара жаткан кемпирди автоунаа коюп кетип каза тапты. Бул маалыматты Кайгуул милициясынан тастыкташты.

Окуянын видеосу Insagram тармагындагы oppa.kg аккаунтуна жарыяланды.

Кырсык болжол менен эртең мененки саат 07:30да болгон. 

"44 жаштагы айдоочу Nissan үлгүсүндөгү автоунаасы менен Толстой көчөсүндө күн батышты көздөй баратып, 77 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Улгайган аял ошол жерден жан берген", — деп айтылат.

Бишкектин Кайгуул милициясынан кырсыктын чоо-жайы иликтенип жаткандыгын айтышты.