Бишкектеги митингге катышкан аял УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы Садыр Жапаровдун тарапташтары катышкан митингге катышып, коомдук тартипти бузду делген аялды кармаганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-марттагы митингге катышты делген аялды УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алды. Шектүү ал жакта 3-майга чейин кармалмакчы.

Буга чейин шаардык милиция Садыр Жапаровдун тарапташтары чыккан митингде Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине кол салды деген күнөө менен дагы бир аялды кармаган.

Бишкектеги митинг

Балдарды элине кас кылбайлы! Депутаттар митингчилерди сындады
Эске салсак, 2-мартта саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан.

Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.