Бишкектеги митингди таратууда 166 адам кармалып, анын төртөө камалды

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте массалык башаламандыкка алып келген митингдин 166 катышуучусу ИИМдин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, кармалгандардын 162си аты-жөнү такталгандан кийин кое берилген. Ал эми төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча катталган.

Массалык башаламандыктан милициянын 24 кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруканага 19 укук коргоочу кайрылган.

Учурда экспертиза дайындалып, коомдук тартипти бузгандарга ыкчам-тергөө иш-аракеттерин көрүү уланууда.

Жапаровду колдогондордун кууп таратылган митинги

Мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге кызыкдар
2020-жылдын 2-мартында экс-депутат Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылганда Бишкек шаарынын чок ортосунда митинг өткөргөн. Саат 10дордон тарта эле чекесинен чогулуп отуруп, митинг 13:00 чамасында башталган. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппараттын кызматкери менен жолугуп кайра келген. Бийлик маселени үч күндө карап, өлкө башчы менен жолугуу боюнча чечим кабыл аларын айткан.

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган. Эл каршылык көрсөткөнү менен күчү жетпей качып жөнөгөн. Алардын кээ бирлерин милиция кармап кеткен. Ал эми митингдин уюштуруучулары болгон Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду, Каныбек Осмоналиевди жана Амангелди Артыковду УКМК кармаган.

Митингчилер кантип кууп таратылганы Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясында кеңири баяндалган.