Коронавирус коркунучу: Бишкектеги ири футбол мелдеши жылдырылды

Буга чейин Түркмөнстандын дагы бир клубу "Ахал" коронавирустан улам Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан. Команда "Нефтчинин" оюнчулары менен кез келмек.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектик "Дордой" жана түркмөнстандык "Алтын-Асыр" футбол клубдарынын мелдеши дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустун айынан белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындай чечимди Азия футбол конфедерациясы (АФК) кабыл алды.

Тайпалык этаптагы оюн 11-март күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтмөк.

Ошондой эле 9-мартта өтө турган "Риффа" (Бахрейн) — "Дофа" (Оман) командаларынын мелдеши жылдырылды.

Токиодогу Олимпиада көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн
Буга чейин Түркмөнстандын дагы бир клубу "Ахал" коронавирустан улам Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан. Команда "Нефтчинин" оюнчулары менен кез келмек.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту дүйнө жүзү боюнча 90 936 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 3 117 киши каза таап, 47 995 киши сакайып кетти.