Жазуучулар союзу соңку жылдары эл аралык мамилелерди чыңдоого аракет жасап жатат. Бул тууралуу Керимбек Кадыракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мекеме былтыр казак акын, жазуучулары менен тыгыз иштешсе, быйыл өзбекстандык кыл калем ээлери менен жакындан мамиле түзүүнү максат кылып жатат.
"Улуттук деген статусту алганына эле 85 жыл болгон бул союздун тарыхы андан да терең. Кылымга тете өмүрү бар мекеменин ар кандай шарттарга байланыштуу, ар кайсы учурларда бирде зоболосу бийиктеп, бирде унутта калып болсо да жок болуп кетпей иштеп келет. Былтыркы жылдан тарта эл аралык чыгармачылык мамилелерди чыңдоо максатында казак акын, жазуучулары менен бир нече жолугушуу, конференцияларды өткөрдүк. Алар кыргыз тилине которулган өз чыгармаларын биздин окурмандарга да сунушташты. Ушундай эле байланыштарды быйыл өзбек кесиптештер менен улантууну көздөп жатабыз. Мындай аракеттер кыргыз акын, жазуучуларына түрк тилдүү кесиптештери менен алака түзүп, идея алмашып же биргеликте жакшы чыгармаларды, котормолорду жаратууга үндөйт", — деди Кадыракунов.
Ал ошондой эле учурда аз болсо да сапаттуу чыгармалар жаралып, алар окурмандар арасында өтө бат тарап, калың журтка жетпей калып жаткандыгын кошумчалады.