Шайлдабекова: кээ бир партияларда аял талапкерлердин саны арбын

Партиянын тизмесинде бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпашы керек. Бул талапты бардык партиялар аткарган. Эске салсак, бир айдан кийин бир катар шаардык кеңештерде шайлоо өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Шаардык кеңештердин шайлоосуна катышууга камынып жаткан кээ бир партиялардын тизмесинде аял талапкерлердин саны көп. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтөт.

Шайлдабекованын айтымында, тизменин атайын талаптары бар — бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпашы керек. Бардык партиялар бул талаптарды аткарган.

"Кээ бир партиялар тизмеге аялдарды көбүрөөк кошкон. Бул, албетте, позитивдүү көрүнүш. Партиялар аялдардын шайлоого катышуусун активдештирүү үчүн чын дилден ушундай кадамдарды жасап жатат деп үмүт артабыз", — деди Шайлдабекова.

БШК башчысы артыкчылык берилип калбасын деп ал партияларды атаган жок.