Бишкек менен Ошто Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Сүрөт

Эки калаанын тургундарын шаардык кеңештин төрагалары, мэрлер, мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттукташты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара мамлекеттик символдун 28 жылдыгына карата уюштурулду. Жарандарды майрамы менен мэр Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттуктады.

Ал эми Ош шаарында аянтка 15 метрлик желекти аскерлер көтөрүп чыгышты. Салтанаттуу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, аскерлер жана активисттер катышты.

Туу астында бирге болуубуз абзел. Жээнбеков элди байрак күнү менен куттуктады
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Аны Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.

Эгемендүү Кыргызстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөн тарыхтын, бекем биримдиктин символу.

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү элде айтылган "төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат.