Кол чаап сүрөгөн аялдар... Атамбаевди сотко алып келип, кайра алып кеткен видео

Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук отурум башталды. Процесске башкы фигурант, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келишти.
Sputnik

Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми. Сүрөт
Алгачкы соттук жыйын бүгүн, 3-мартта, саат 16:30дар чамасында башталды. Ага прокуратуранын кызматкерлери 88 томдук кылмыш ишин алып келишти. Анткен менен процесс болгону бир саатка созулду. Натыйжада судья жыйынды 4-мартка жылдыруу чечимин чыгарды. Себеби залда прокурорлорго, адвокаттарга жана айыпталуучуларга тийиштүү шарт түзүлбөгөнү аныкталды.

Жактоочулардын айтымында, залда керек болсо кагаз коюп иштегенге отургучтар жетишсиз болгон. Айыпталуучулар айнек кабиналарда отургандыктан алардын сөзү сыртка, сырттагы үндөр аларга угулбай калган. Мындан сырткары, айыпталуучуларга сот процесси жабык өтүп, журналисттердин кирбей калганы жаккан жок.

"Адвокаттар документтерди карап иштеши үчүн отургучтар жетишсиз экен. Бийликтен сот процессин ачык өткөрүүнү талап кылабыз", — деди экс-президенттин кеңешчиси Жолдубаева.

Ал ошондой эле айыпталуучулар иш менен таанышып жатканда 84 том болгонун, бүгүнкү жыйында болсо судья 88 том деп айтканын белгиледи. Жолдубаева калган төрт том кайдан кошулуп калганын түшүнбөй жатканын кошумчалады.

Кой-Таш окуясы

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип, УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.