БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бүгүн, 2-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.
Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны саат 00.00гө чейин кабыл алат.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга беш миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Эске салсак, 2-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын атамекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган четөлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.