Байыркы жыгач үйлөргө бай тыптынч көчөлөрүн аралай, ак таштуу кремлди кыдырып, шаардык паркта сейилдөө жана өткөн кылымдын башындагы Эстүүлөр коомунун аракеттерине баа берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болот. Байыркы шаарга аяк басканда муну колдон чыгарбаңыз дейт биздин өнөктөш – РИА Новости агенттиги.
Кремлдин создуккан курулушу жана "куугунтукталган" чиркөө
Шаардын чордонун урагыс сепилдер эмес, XIII кылымдын коргонуу чептери коргоп турат. Кремль үч тарабынан дайра менен курчалат, суу киргенде жарым аралга карап калат.
Калаага кире бериште сизди XVIII кылымдын аягында шаардыктар ашар жолу менен топтогон каражатка тургузула баштаган коңгуроо мунарасы тосуп алат. Анын биринчи кабатын Костромадан чакырылган архитектор курган, бирок калган үч баскычы кийинки жүз жылдыктын ортосунда гана бүткөрүлгөн. Ар бир кабатына жаңы архитектор жооптуу болгон.
Жергиликктүү Успенский собору Москвадагы ушундай курулушка абдан окшош. Ак таштан чегилген көз жоосун алган өсүмдүктөр орнаменттерин карап эле тургуң келет.
Бул архитектуралык шедеврдин таржымалы жөнөкөй эмес. Анын курулушуна 1684-жылы киришишкен, бирок усталар үч жылда араң жер астындагы кабатын куруп бүтүшкөн. Ишти башкаларга табышташат, бирок артык кылабыз деп чоң ката кетиришкен. Курулушу дээрлик аягына чыгып калган имарат 1692-жылы эсептен жаңылуунун айынан урап түшкөн.
Ошол убактагы белдүү архитектор Яков Бухвостовдун (нарышкин стилинин негиздөөчүлөрүнүн бири) командасы храмдын курулушун жана жасалгаланышын 1702-жылы аяктаган. Дагы бир ак таштуу кремлдин курулушту "Олегдин ордосу" деп коюшат, бирок аныгында ал — архиерей үйү. Негизги кабаты — экинчиси, бул анын эшик-терезесинин алкактарынан дароо байкалат. Азыр мында край таануу музейи бар.
Жанында XVII кылымдагы эки кабат имарат, эгин сактоочу амбар бар. XIX кылымда аны мейманканага айландырышкан. Андан бир аз нары Рязань гана тургай, бүтүндөй Россия үчүн таң каларлык болгон, XVII кылымдын эки чатырлуу таш храмы — Ыйык Рух чиркөөсү жайгашкан.
Храм Никон патриархтын эки чатырлуу чиркөөлөрдүн курулушуна тыюу салышынан кийин курулган.
Павловдордун үй-бүлөсүндө беш бала бар эле. Алардын бөлмөлөрү өйдөкү кабатта, ал эми ылдыйкы кабатта дин кызматкери болгон атасынын кабинети, ата-энесинин уктоочу бөлмөсү, конок бөлмөсү, ашкана жана тамак ичүүчү бөлмө жайгашкан. Жасалгаланышы жана тиричилик мүмкүн болушунча так курулган.
Ивандан тышкары табигый илимдерге анын үч иниси да кызыккан. Буга алардын бөлмөсүндөгү микроскоп, жаныбарлардын териси, химиялык реагенттер менен колбалар, китептер далил. Короодо академиктин сүйүктүү оюну болгон "городки" үчүн аянтча белгиленген. Короо жайда крокет үчүн талаа, беседка, окумуштуунун эстелиги турат.
"Илим үйүндө" эксперименталдык медицинанын Ленинград институтунан алынган Павловдун итинин кеби жана окумуштуунун илимий жетишкендиктерин айгинелеген башка экспонаттар бар.
Чиймеленген мунаралар (теремдер) жана эстүүлөр үчүн үй
Рязандын борборунда XIX жана XX кылымдын башындагы көптөгөн жыгач курулуштары, айрымдары жакшы абалда болбосо да сакталып калган. Дал ошолор шаарды чындап жайлуу кылат.
Первомай проспектинде оюп-чиймеленген терезе жапкычы, каалга алкактары, ар кандай кичинекей мунара жана чакан тирөөчтөрү бар теремди (бийик үйдү) байкабай калуу мүмкүн эмес. Азыр бул имаратта бала бакча жайгашкан, ал эми XIX кылымдын аягында Михаил Селиванов деген көпөс, бетон-мозаикалык заводунун кожоюну жашаган.
Семинар көчөсү эки жыгач имараты менен даңазалуу: акын Сергей Есенин көп келип турган Овсянниковдун киреше булагы болгон үйү жана XIX кылымда шаарда алгач ирет фотоателье курган Еропкиндердин үй-бүлөсүнүн өздөрү турган тамы.
Еропкиндер үйдүн экинчи кабатын опералык ырчы Надежда Забеланын атасы, аткаминер Иван Забелага ижара беришчү. Ырчы айым — сүрөтчү Михаил Врубелдин жубайы. Чыгармачыл түгөйлөр бул үйдө эки ирет мейман болушкан. Бир аз мурда бул эки имарат тең турак жайга айланган. Бирок ушул тапта азыр Овсянниковдун үйү эскилигинен улам көчүрүлгөн.
Жакшы сакталып калган жайы — шаардын паркындагы Дворяндар жыйынынын жайкы клубу. Ал 1905-жылы рязандык эстүүлүк коомунун демилгеси менен курулган. Алар бул жерди жакшынакай кийинген жарандар маданияттуу жана эстүүлүк менен эс ала тургандай жайга айландырууга ниеттенишкен.
Террасада чакан ресторан жана буфет иштечү, залдагы атайын орнотулган столдордо карта ойношкон. Советтер Союзунун убагында мында Пионерлер үйү жайгашкан, азыр мында элдик чыгармачылык облустук илимий-методикалык борбору иштейт.
Чалгынчы козу карындар жана аба десанттык музейи
"Рязанда көздүү козу карындар бар, жеп жатканда алар көз албай карап турат" деген белгилүү кыска жомоктон улам Рязандын дээрлик бардык меймандары "көздүү козу карын" эстелигин көрүү үчүн шаардык паркка жөнөшөт.
XIV кылымда козу карындар "чалгынчылардын" ролунда болгон. Жергиликтүү калкка аларды тебелеп жана үзүүгө тыюу салынган. Ошондуктан эгер алардын тепселгенин көрүшсө, Алтын Ордонун жоокерлери өткөнүн билишкен.
Рязань Аба десанттык күчтөрүнүн мекени болуп саналат.
Калаада офицер-десантчыларды даярдаган гвардиялык аскер-командалык жогорку окуу жайы бар. Жанында Аба десанттык күчтөрүнүн музейи жайгашкан.