ИИМ: митингдин 100дөй катышуучусу кармалды

Бүгүн түрмөдө отурган экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүү үчүн "Ала-Тоо" аянтына чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Садыр Жапаровдун митингге чыккан тарапташтарынын 100гө чукул катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Бүгүн Бишкекте Жапаровду колдоп чыккан митинг өттү, алар саясатчынын бошотулушун талап кылышкан. Кечки саат алтыларга чукул тартип сакчылары акцияга чыккандарды таратууга чыгып, эки тарап кагыша кеткен.

Ушул тапта эмне болуп, митингчилер кантип таратылганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган тексттик трансляциядан окуп билсеңиз болот.