Садыр Жапаровдун агасы менен Каныбек Осмоналиевди УКМК кармады

Аларга кайтарууга алынган объекти - Ак үйдүн аймагына киргенге жана Кыргыз Республикасындагы бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган деген күнөө коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. – Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы митингдин уюштуруучусу жана активдүү катышуучулары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жеткирилди.

Таратылган маалыматта алар митингди Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылуу ниети менен уюштургандыгы айтылган. Андан соң катышуучулар массалык башаламандык жаратып, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн.

"Алар массалык башаламандыкты уюштуруу чагымын жасаган. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартып, таш менен уруп, Бишкек шаарынын жашоочуларынын мүлкүн талкалаган",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "кайтарууга алынган объекти болгон - Ак үйдүн аймагына киргенге жана Кыргыз Республикасындагы бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган", - деп жазылат.

Көзүнөн жаш аккан милиционер, дегдеңдеген киши. Бишкектеги митингден 14 сүрөт
Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39 жана 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу аракети") менен катталган.

Эске салсак, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун талапкерлери аны бошотууну талап кылып 2-мартта Бишкек шаарында митинг өткөрдү. Бирок массалык башаламандык жаратып, кечинде бийлик тарабынан кууп таратылды.

Бул тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз алып берген трансляциясынан толук таанышууга болот.