БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Филиппиндин борбору Манилада куралчан киши 30 адамды барымтага алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, барымтага алынгандардын бардыгы соода борбордо иштегендер, ал эми куралчан киши мурда ошол жерде күзөтчү болуп иштеп кеткен.
Жергиликтүү ABS CBN телеканалы шаардын мэрине шилтеме берип, кылмышкер ок чыгарганын жана анын жанында граната бар экенин кабарлады. Бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Учурда полиция кызматкерлери кылмышкер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.