Эмчек рагы эмнеден өрчүп кетет? Маммолог үч факторду атады

Адис ооруну алдын алып, генде мутациянын бар-жогун аныктоо үчүн анализ тапшырып коюу керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын Маммологдор ассоциациясынын президенти Надежда Рожкова эмчек рагын пайда кылып, өрчүтүп жиберчү бир катар негизги факторлорду атады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Көк чай рактын кайсы түрүн алдын алат? Окумуштуулардын изилдөөсү
Анын айтымында, эмчек рагын пайда кылчу биринчи фактор — ашыкча салмак. Экинчи фактор — психоэмоционалдык туруксуздук, стресске кабылуу. Бул учурда организмде өзгөрүүлөр жүрүп кетет. Үчүнчү фактор — бул илдет тукум кууйт.

Маммолог ооруну алдын алып, генде мутациянын бар-жогун аныктоо үчүн анализ тапшырып коюу керектигин айтты.

"Эгер мутация жок болсо, анда шишикке каршы белок көп бөлүнүп, ооруга кабылуу коркунучу аз болот. Эгер мутация бар болсо, анда шишикке каршы белок эки эсе азайып кетет. Мындай учурда эмчекти алып салуу керек же дары-дармек менен дарылоо зарыл", — деди Рожкова.

Дарыгер жыныска, жаш куракка жана экологияга адам таасир эте албай турганын белгилеп, бирок айрым нерселерди өзгөртүү адамдардын өз колунда экенин эскертти.