Мэрия: митингден кийин "Ала-Тоо" аянтынан бир тоннага жакын таштанды чыкты

Кечке жуук күч органдары митингчилерди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн сүрүп чыгарып жатканда митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, таштанды челектерине өрт коюшту.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык кызматынын өкүлдөрү жаңы эле "Ала-Тоо" аянтын тазалап бүтүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эсибиз барда этегибизди жабалы. ИИМ митинг боюнча эскертүү берди
Маалыматка караганда, аянтка 23 кызматкер жана эки атайын техника тартылган. Натыйжада бир тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыкты.

Кечке жуук күч органдары митингчилерди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн сүрүп чыгарып жатканда митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, таштанды челектерине өрт коюшту. Кийин милиционерлер 100дөй адамды колго түшүрдү.