Көзүнөн жаш аккан милиционер, дегдеңдеген киши. Бишкектеги митингден 14 сүрөт

Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Саясатчынын тарапташтары кечке чейин бийликке ар кыл талаптарды коюп, кечки саат алтыларда Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Жолдон тоскон милиция кызматкерлери менен митингчилер тиреше түшүп, тартип сакчылары аларды "Ала-Тоодон" тез эле сүрүп чыгарды. Милиция басым менен атылган сууну, көздөн жаш чыгаруучу газды жана желим ок колдонду. Эки тараптын ортосунда таштар учуп, жай жарандардын ичинен жаракат алгандар болду.

ИИМ кечке жуук, саат 20:00дөр чамасында кырдаал толугу менен алардын көзөмөлүнө алынганын билдирди.

Бүгүнкү окуя, митингчилерди кантип кууп таратышканын Sputnik Кыргызстандын фото түрмөгүнөн көрсөңүз болот.

Митингчилер кантип кууп таратылганын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрүүгө болот.

1 / 14
Милиционерлер митингчилерди кууп таратар алдында
2 / 14
Тирешүү башталар алдында митингчилер менен милиция кызматкерлеринин арасын бир нече гана метр жер бөлүп турду
3 / 14
Эртеден кечке чейин аянтта турган митингчилер саат кечки алтыдан кийин Ак үйдүн жанында турган милициянын биринчи тосмосун жарып өтүп кетти
4 / 14
Милиция менен митингчилер тирешип калган учур. Арткы фондон жан-алы калбай арсылдап үрүп жаткан кызматтык итти көрүүгө болот
5 / 14
"Ала-Тоо" аянты. Митингчилерге бара жаткан тартип сактоочулардын тобу
6 / 14
Милициялар дегдеңдетип жетелеп келе жаткан адам. Бул жерде милиция көзөмөлдү колуна ала баштагандыгын байкоого болот
7 / 14
Милицияны таш менен урууга камданып жаткан киши. Ал таш урулдубу же жокпу эч кимге белгисиз...
8 / 14
Энтиккен милиционерлер менен митингчи. Милиция элди сүрүп чыгып да, чекесинен кармап да жатты
9 / 14
Киев көчөсүндө митингчилерди кууп бара жаткан суу менен атуучу техника. Сүрөттөн суунун эпкини бир топко чейин жеткенин көрүүгө болот
10 / 14
Укук коргоо органынын кызматкерлери митингге чыккан кишини кармап жаткан учур. Жай турмуш болсо бул сүрөткө башка аталыш берилмек
11 / 14
Токтогул-Орозбеков көчөсүндө келе жаткан милиционерлер. Нааразылыкка чыккандардын карааны сээлдеген учур
12 / 14
2020-жылдын 2-марты, Бишкек шаары. Милициянын жетекчиси кол алдындагылар менен митингчилерди кармап жатат
13 / 14
Жөтөлгөн, көзүнөн жаш аккан милиционерлер. Көздөн жаш агызуучу газ тартип коргоочулардын өздөрүн да жүдөттү
14 / 14
Орозбеков көчөсүндөгү милиционерлер. Арткы фондо Sputnik журналисти митингди коопсуздук кийимчен чагылдырып жүрөт.