Анкарада Sputnik Түркия агенттигинин үч кызматкерине кол салышты

Sputnik Түркия кабарлагандай, окуя 29-февраль күнү Москва убактысы боюнча 22:30-23:00дөрдө болгон. Кол салмакчы болгондор кызматкерлердин эшигин талкалап кирүүгө аракет кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Анкарада Sputnik Түркия агенттигинин үч кызматкеринин үйүнө белгисиз адамдар кирип, аларды "мекенди саттыңар" деп күнөөлөп, кол салууга аракет кылышкан. Бул тууралуу "Россия сегодня" жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян кабарлаганын РИА Новости билдирди.

"Кызматкерлердин үйүнө киргендер аларды "мекенди сатып, орустарга иштеп жатасыңар" деп кыйкырып, коркутушкан", — деп жазган Симоньян өзүнүн Twitter баракчасына.

Sputnik Түркия кабарлагандай, окуя 29-февраль күнү Москва убактысы боюнча 22:30-23:00дөрдө болгон.

"Уюшкан топтун кишилери жабыркагандардын үйүнө улуттук лозунгдар менен кыйкырып киришкен. Коркуткандар эшиктерин талкалап кирүүгө аракет кылышкан", — деп жазылат маалыматта.

Sputnik Түркия агенттигинин үч кызматкеринин айтымында, ар бир уюшкан топто аз дегенде ондон адам болгон. Алар полиция кызматкерлери келгиче из суутуп кетишкен.

Журналисттер укук коргоо органдарына кайрылышкан. Симоньян окуя боюнча полициянын жообун күтүп жатканын билдирди.

Россиянын Стамбулдагы башкы консулдугунун алдындагы акция

Жумага караган түнү Россиянын Стамбулдагы башкы консулдугунун алдында орустарга каршы акция өткөн. Каршылык акциясы Идлибдеги кырдаалдын курчушунан улам келип чыккан. Дипмиссиянын маалыматына караганда, чогулгандар Сириянын түндүгүндө каза болгон түрк аскерлеринин өлүмүнө Россияны жана анын жетекчилигин күнөөлөп чыгышкан.

Мындан сырткары. башкы консулдуктун соцтармактагы аккаунттарында Россиянын Түркиядагы мекемелелеринин дарегине карата коркуткан билдирүүлөр пайда болду.

Россиянын Түркиядагы элчилигинин күзөт кызматы бейшембиден тарта күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Элчиликтеги коопсуздукту полиция камсыз кылууда.