Кышты узаткан Масленица майрамы. Беловодское айылындагы шаң. Сүрөт

Масленица — узакка созулган кышты узатып, жылуулук, жаркын маанай, жаңылануу тартуулаган шаңдуу майрам.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Москва районунун борбордук аянтында элдик майрам өтүп, ага миңдей киши катышты. Уюштуруучулардын айтымында, кышты узатуу аземи 15 жылдан бери мынчалык шаңдуу өтө элек болчу.

Чыгармачыл топтор өнөрүн тартуулап, келген элге орус элдик ырлар тартууланып, частушкалар көңүл ачты. Майрамдын катышуучулары түркүн тамак коюлган дасторкондон да даам сызып жатышты. Масленицанын көркү эле блин эмеспи, мында да тасмалдын көркүн ачса, казактардын “Станица” хору майрамдын шаңын арттырды.

Москва районунун акими Өмүр Ногоев элге кайрылып куттуктады.

“Элдик майрам өткөн чак менен байланыштырган көпүрө. Бул руханий жактан тазалануунун, салт-санааны сактап калуунун бирден бир жолу. Масленица жаздын келишин айгинелейт. Ал эми жаз менен адамзат жаңыланууну, жакшылыкты күтөт”, — деди ал.

Майрамга келген Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев да келгендерге куттук сөз арнап, өнүп-өсүү каалады.

Масленица — узак кышты узатып, жылуулук, жаркын маанай, жаңылануу тартуулаган шаңдуу майрам.