Былтыр Кыргызстандан канча акча чыгып кеткен. Рекорддук сумма дешти

Кыргызстандан чыгарылган акчанын буга чейинки рекорду 2018-жылы коюлуп, анын көлөмү 540 миллион долларды чапчыган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандан сыртка агылган акчанын суммасы 554,6 миллион доллар болду. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматында айтылган.

Долларды кымбаттатпоо үчүн Улуттук банк 28 млн. доллар сатты
Кеп мында жеке жактардын акча которуу системалары аркылуу жасалган транзакциялары тууралуу болуп жатат.

Бул Улуттук банк акчанын чыгып кетиши боюнча маалымат жарыялап баштаган 2005-жылдан бери болгон рекорддук көрсөткүч.

Кыргызстандан чыгарылган акчанын буга чейинки рекорду 2018-жылы коюлуп, анын көлөмү 542,3 миллион долларды чапчыган эле.

Башка жылдары чыккан каражаттар жарым миллиардга жеткен эмес.