Жашыл түскө боелгон Аламүдүн суусу. Казгидромет Чу дарыясын изилдөөдө

Кечээ, 29-февралда, социалдык тармакка Аламүдүн суусу жашыл болуп агып жатканы тууралуу маалымат тарап, учурда комиссия текшерип жатат. Буга байланыштуу Казгидромет Чу дарыясынын суусун изилдөөгө киришти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Казгидромет мамлекеттик техникалык кызматынын Жамбыл облусу боюнча филиалы Чу дарыясына байкоо жүргүзүү үчүн суусунун үлгүсүн алганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"ЖМКларда жана Facebook тармагында Кыргызстандын аймагындагы Аламүдүн жана Ала-Арча суусунун жашыл түскө боелуп агып жатканына байланыштуу Казгидромет Кайнар айылынан Чу дарыясынын суусун текшерүүгө алды. Себеби КРдин эки суусу агып барып Чу дарыясына кошулат", — деп билдирди Казгидромет.

Кайнар айылы Кыргызстандын чек арасынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

"Чу дарыясын сыртынан караганда өңү кадимкидей эле. Адаттан тыш жыты же башка көрүнүштөрү байкалган жок", — деп айтылат расмий маалыматта.

Суунун курамындагы оор металлдарды, органикалык жана биогендик заттарды аныктаган физикалык-химиялык анализ 2-мартта чыгат.

Кечээ, 29-февралда, социалдык тармакка Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлуп агып жатканы тууралуу маалымат тараган. Аны текшерүү боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция атайын комиссия түзгөн.