БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. "Аламүдүн суусуна белгисиз затты таштап салган" деген маалыматты өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев мамлекеттик тиешелүү органдарга мунун себебин аныктоо жана суунун, топурактын үлгүсүн алып, анализ кылууну тапшырды.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү иштеп жатканы кабарланды.
"Учурда суунун үлгүсү алынды жана ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик менен Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин эки лабораториясынан текшеришет. Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияларынын маалыматына караганда, белгисиз бирөөлөр сууга жашыл зат ташташкан. Тез агып жаткан жер — көпүрөнүн алдындагы суу таза. Төмөнүрөөк жагы көлмө болгондуктан суу дагы эле турат жана ал жерден жашыл түстү көрүүгө болот", — деп жазылган маалыматта.
Анализ кылуу үчүн суудан үлгү алынган. Андан жыт чыкпагандыгын жана куш менен балыктардын кырылганы катталган жоктугун кошумчалашты. Биринчи текшерүүдө муну ким жасагандыгы аныкталган эмес.
Буга чейин социалдык тармакка Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлуп агып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Бирок аны Бишкек мэриясы фейк-видео деп атап, төгүнгө чыгарган.