МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстан жана Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин эки өлкөнүн кайчылаш жылын расмий ачты.
Салтанат 27-февраль күнү Кремль сарайында өттү. Эки президент сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыш мындан ары да бекемделе турганына токтолушту. Соңунда эки мамлекеттин өнөрпоздору катышкан гала-концерт болду.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн кайчылаш жылын өткөрүү боюнча чечим РФ лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда кабыл алынган. Анын алкагында 200дөн ашуун иш-чара пландалганы белгилүү.