Түркия Идлибде Сирия аскерлерине урган соккусунун видеосун жарыялады

Маалыматка караганда, эки жуманын ичинде Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын 130 аскерий техникасын жарактан чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түркиянын Anadolu расмий маалымат агенттиги Идлиб провинциясындагы Сириянын аскерлерине сокку урган учурда тартылган видеону жарыялады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

İdlib'de 17 günde bin 709 rejim unsuru etkisiz hale getirildi

Агенттиктин билдиришинче, эки жуманын ичинде Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын 130 аскерий техникасын жарактан чыгарган.

Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибде Сирия армиясынын соккусуна жооп берди
Ошондой эле 17 күндүн аралыгында Түркиянын соккусунан Сириянын 55 танкы, 18 сооттолгон машинасы, 21 аскерий машинасы, 29 гаубица (замбиректин бир түрү) жана үч тик учак жок кылынып, 1,7 миң аскери алсыздандырылганы айтылат.

Сириянын САНА мамлекеттик агенттиги бейшемби күнү түрк армиясынын колдоосундагы согушкерлер Идлиб провинциясынын Саракиб шаарына чабуул жасаганын билдирген. Бул аймакты Сирия аскерлери февралдын башында бошоткон болчу.

Өз кезегинде "Россия 24" телеканалы Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибдеги Сирия өкмөтүнүн армиясын жана Россиянын самолетун аткылап жатканын билдирген.